Маалымат изде:
 Динибиз
 Башка диндер
 Курани карим
 Пайгамбарыбыз
 Сахабалар
 Пайгамбарлар, аалымдар
 Олуялар
 Мазхабдар
 Сүннөт-бидат
 Гусул-даарат-хайз
 Намаз
 Зекет
 Орозо
 Ажылык
 Курмандык
 Алышуу-беришүү
 Халал-Харам
 Адеп-ахлак
 Нике жана үй-бүлө
 Аалымдардын сукбаттары
 Ибреттүү окуялар
 Дубалар
 Ыйык түндөр
 Башкаруучулук
 Кошумча темалар
 

Түндөрү төмөнкү төрт нерсени кылмайынча уктаба!

Хазрети Айша (радыяллаху анха) жөнүндө көптөгөн хадиси шарифтер бар. Булардын бири Имам Мунавинин Аби Шайбадан билдиргени "Айша Жаннатта да менин жубайым болот” деген хадиси шарифтери. Рамуз-ул-ахадисте жеке өзүнө кайрылып айтылгандыгы билдирилген хадиси шарифтердин кээ бирлери төмөнкүлөр:

"Эй, Айша, бир да жолу хайасыз (уятсыз) сөз сүйлөгөнүмдү көрдүң беле? Кыямат күнү Аллахтын алдында эң жаман адам – жамандыгынан качып, адамдар таштап кеткен киши.”

"Эй, Айша, Аллах кулдарына лутф (жумшактык, сылыктык) менен мамиле кылуучу. Ар бир иште жумшак мамиле кылынуусун жакшы көрөт.”

"Эй, Айша, жумшак бол! Анткени, Аллаху таала бир кулуна жакшылыкты кааласа, аларга рыфк (жумшактык) эшигин көрсөтөт.”

"Эй, Айша, билбейсиңби? Кул сажда кылган кезде Аллаху таала анын сажда кылган жерин жети кабат жердин аягына чейин таптаза кылат.”

"Эй, Айша, сага бирөө сурабай туруп бир нерсе берсе кабыл ал. Анткени, ал - Аллаху тааланын сага жиберген бир ырыскысы.”

Хазрети Айша (радыяллаху анха) бир күнү Расулуллах алейхиссаламдан: "Шейиттердин даражасына көтөрүлгөн болобу?” – деп сураганда, "Күн сайын жыйырма жолу өлүмдү ойлогон адам шейиттердин даражасын табат”, - деп жооп берген эле.

"Эй, Айша! Түндөрү төмөнкү төрт нерсени кылмайынча уктаба!”

  1. Курани каримди хатим кылмайынча.
  2. Менин жана башка пайгамбарлардын шапааттарына жетмейинче.
  3. Момундарды өзүңөн ыраазы кылмайынча.
  4. Ажылык кылмайынча!”

Буларды айткандан кийин намазга турду. Намазын окуп бүтүп, алдыма келгенде өзүнөн сурадым:

- Эй, эки дүнүйөнүн күнү болгон Мырзам! Эне-атам, жаным сизге курман болсун. Мага төрт нерсени кылууну буюруудасыз. Мен буларды ушул кыска мөөнөттө кантип кыла алам?

Күлүмсүрөп мындай деди: "Йа, Айша! Андан жеңил эмне бар? Үч Ихласы шарифти жана бир Фатиха сүрөсүн окусаң Курани каримди хатим кылган болосуң. Мага жана башка пайгамбарларга салават айтсаң шапаатыбызга жеткен болосуң. Адегенде момундардын, анан соң өзүңдүн кечирилүүңдү тилесең момундарды өзүңөн ыраазы кылган болосуң. "Субханаллахи валхамдулиллахи ва ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарика лах. Лахул мулку ва лахулхамду ва хува ала кулли шайъин кадир” тасбихин окусаң ажылык кылган болуп эсептелесиң!”


 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш