Суроо: Адамдын
же жаныбардын сүрөтү илинген бөлмөгө ырайым периштелеринин кирбей турганын жана
ошол бөлмөдө окулган намаздын макрух экендигин билебиз. Бирок, сый-урмат кылбоо
шарты менен намаз окулбаган же туруктуу жашалбаган бир бөлмөгө, мисалы,
ашкананын же мончонун дубалына жандуулардын сүрөтүн илүү жаиз болбойбу?
Жооп: Жок, жаиз
болбойт. Ансыз деле жогору жерге илүү сый-урмат дегендик. Жандуулардын сүрөтүн
белден жогору илүү ал сүрөткө сый-урмат болуп эсептелип, харам болот.
Мубарек заттардын сүрөттөрүн
жогору жерлерге илүү харам болгондугу сыяктуу эле төмөн
жерлерге койуу да харам. (С. Абадиййа)
Жогору жерлерге илүү жандуулардын
сүрөтүнө урмат боло тургандыктан төмөн жерлерге койуу да ал заттарга акарат
болуп, харам болот. Жабык жерлерде, альбом сыяктуу нерселердин
ичинде сакташ керек.
Суроо:
Жүзаарчы, акча жана ушуларга окшош нерселердин үстүндө жандуулардын сүрөттөрү
болот. Ушундай сүрөттөр бар болгон нерселерди колдонуунун, сактоонун динибизде
өкүмү кандай?
Жооп: Ибни Хажар
Хийтами Мекки хазреттери маселеге байланыштуу фатвасында төмөндөгүчө баяндайт:
"Жүзаарчы, акча сыяктуу
нерселердин үстүндө жандуулардын сүрөтүнүн болуусунун зыяны жок. Анткени,
жандуулардын сүрөтүн сый-урматка себеп боло турган жерлерде колдонуу жаиз эмес,
сый-урмат кылынбаган жерлерде колдонуу жаиз.”
Ошондуктан, жерде жана жерге
жайылган нерселерде, жаздык, килем, жүзаарчы, акча, маркалардын үстүндө жана
чөнтөк, сумка, шкаф сыяктуу жабык жерлерде жана кийимдердин киндиктен ылдый
бөлүктөрүндө жандуулардын сүрөттөрүнүн болуусу жаиз болуп, киндиктен жогоруда
болуусу, илинүүсү харам. Аялдардын сүрөттөрүн жана аврат
жерлери ачык сүрөттөрдү кумарсыз да болсо ар жерде колдонуу жана аларга
кумарланып кароо харам.